Назарбаев дүйнөлүк футбол чемпионатында Путинди колдоого чакырды

Автор -

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Орусиядагы дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылуу аземине Владимир Путинди колдоого баратканын айтты. Назарбаев бул тууралуу 1-июнда Циндаода өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинен соң журналисттер менен жолугушуусунда маалымдады.

Жергиликтүү ММКлар билдиргендей, Нурсултан Назарбаев президенттердин бири-бирине көңүл бөлүп, белек беришинин маанилүү экенин белгиледи.

«Кытай төрагасы Владимир Путинди орден менен сыйлады, мен муну абдан кубаттайм. Мындай учурда биз баарыбыз Орусия президентин колдошубуз керек. Мен ага колдоо көрсөтүү үчүн дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылыш аземине барам. Айрымдар баргысы келбей, байкот жарыялап жатат. Биз жакын доспуз, барышыбыз керек. Мамлекет башчыларынын арасындагы карым-катнаш түрдүү болот, жакын карым-катнаштан достук пайда болот, бирок саясатчылардын достугу – махабат эмес. Саясий, адамдык достук – кээде эки түрдүү тең болот»,- деди Назарбаев.

Казакстан президентинин айтымында, ШКУ мамлекет башчыларынын жыйынында Казакстан менен Кытай 51 долбоор боюнча кызматташууга макулдашты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү