Абылгазиев Бишкек жана Ош шаарларында жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөлөрдү түзүү мүмкүндүгүн кароону сунуштады

Автор -

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек жана Ош шаарларында жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөлөрдү түзүү мүмкүндүгүн кароону сунуштады.

Белгилей кетсек, тарыхый, музей, оюн-зоок, маданий-көргөзмөлүү аянтчасы, тейлөө жана соода объектиси каралган туризмдин борбору болуп эсептелген ири заманбап шаарлардын шаар куруу тажрыйбасы жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөлөрдү түзүү жана аны пайдаланууда жетиштүү тажрыйба топтой алды.

Элдик жана көркөм кол өнөрчүлөрдүн, уздардын жана усталардын эмгектери коюлган жөө жүргүнчүлөр үчүн көп функционалдуу көчөлөрдүн негизделиши шаарлардын туристтик жагымдуулугун арттырат. Буга катар жөө жүргүнчүлөр үчүн каралган мындай көчөлөр жарандардын эс алуучу борборуна айланат.

Жогорудагыларды жетекчиликке алуу менен Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары бир айлык мөөнөттө тарыхыбызга жана экологияга аяр мамиле кылуу боюнча бардык кызыкдар жактардын талабын эске алуу менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөлөрдү түзүү мүмкүндүгүн карап чыгуусу сунушталды.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөлөр (аймактар) дүйнөнүн дээрлик бардык шаарларында бар. Автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынган ири көчөлөрдүн бири Копенгагенде жайгашкан. Нью-Йорк шаарында жөө жүргүнчүлөр үчүн алгачкы аймактар 2010-жылы пайда болгон, анда бийлик шаардын борбордук аянты – Times Square аркылуу унаа кыймылына чек койгон. Постсоветтик аймактагы белгилүү жөө жүргүнчүлөрдүн көчөсү катары Москва шаарындагы Арбат көчөсү таанылган.

Бөлүшүү