Ошто Ак-Буура каналына 5 жашар кыз агып кетти

Автор -

Кече,  11-июнь күнү саат 14:15де КР ӨКМнин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Ишматов көчөсүндө Ак-Буура каналына 5 жашар кыз агып кеткен жерге чакыруу боюнча барышкан.

«Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар кызды куткарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 5 жашар кыз ооруканада каза болду»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү