Мас абалында машина айдагандарга 100 миң сом айып салынабы?

Автор -
285

Депутат Данияр Аттокуров Жогорку Кеңештеги Өкмөттүк саат учурунда  мас абалында жол эрежесин бузгандарга канча айып пул салынарын сурады.

Ички иштер министрлигинин өкүлү мас абалында машина айдап жол кырсыгына кабылып, башка адамдын ден соолугуна залака келтиргендерге 20 миң сом айып салынарын айтып, бул максималдуу айып экенин белгиледи.

Аттокуров мас абалында машина айдагандарга айыпты 100 миң сомдон баштоо керектигин айтты.

«Казакстанда үч миң доллар, Россияда 100 миң рубль айып саланып, же үч жылга чейин эркинен ажыратылат экен. Биз да жок дегенде 100 миң сомдон баштасак. Ушуну ойлонуп мыйзам долбоор даярдап алып келсеңиздер. Биз колдоп берели», — деди Аттакуров.