Сапар Исаков боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды

Автор -

Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов  бул иш мыйзамсыз болууда деп билдирди.

Эске салсак, Исаковго 29-май күнү «коррупция» беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү