Жогорку Кеӊеш Эсептөө палатасынын 2017-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты

Автор -
225

Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын 2017-жылдагы иши жөнүндө маалымат угулуп, депутаттардын басымдуу добушу менен анын төрагасынын отчету канааттандырарлык деп табылды.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун берген маалыматына караганда, Эсептөө палатасы 2017-жылы жалпысынан 2673 аудит объектисине текшерүү жүргүздү, анын ичинде бюджеттик мекемелер – 1884, чарбалык субъектилер – 436, дагы башка субъектилер – 7, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржыланган субъектилер – 346. 2017-жылда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбалык субъектилер 11 млрд сомдон ашуу каржы тартибин бузган.

«Отчеттук мезгилдин ичинде жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 2 млрд 153 млн сомдук каржы тартибин бузуу фактылары аныкталды, бюджеттин резерви жана жоготуу – 9 млрд 471 млн сом, сарамжалсыз пайдаланган каражаттар – 351 млн сом, сарамжалсыз пайдалануудан улам ордуна коюла турган каражат – 2 млрд 594 млн сом. Ушу тапта 2 млрд 11 млн сом ордуна коюлду же ал 80 пайызга аткарылды», — деди Улукбек Марипов.

Андан тышкары, 2017-жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 1297 эскертүү жана 79 сунуштама берилгени белгилүү болду.

«Текшерилген субъектилерге берилген 886 эскертүү толугу менен аткарылды, 230 эскертүү жарым-жартылай аткарылды, 102 эскертүүнүн мөөнөтү өтө элек, ал эми 79 эскертүү аткарылган жок», — деп кошумчалады Улукбек Марипов.

Анын айтымында, 2017-жыл Транспорт жана жол министрлиги 257 млн сом көлөмүндөгү каржы тартибинин бузулушуна жол берген. Ал эми экинчи орундагы Бишкек мэриясында 246 млн сом, үчүнчү орундагы Бажы кызматында 108 млн сом өлчөмүндө каржы тартибин бузуу фактысы аныкталды.

Андан тышкары, Эсептөө палатасы тарабынан жыл ичинде 310 айыл өкмөтүнө текшерүү жүргүзүлүп, 84 млн сомдук каржы тартибин бузуу аныкталуу менен, кылмыш иштери козголгон.

«Биз 5 млн сомго чейинки айыл өкмөттөрүн текшербей эле, көбүнесе каржы тартибин такай бузуп келаткан Билим берүү жана илим министрлиги, Транспорт жана жол министрлиги сындуу мекемелерди тыкыр көзөмөлдөп жатабыз», — деди Улукбек Марипов.

Бөлүшүү