Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Аида Касымалиева Мамлекеттик кызматтарда аялдардын саны азайып жатканына токтолду.
«Акимдерди да аялдардан койсок жакшы болмок. Мына Сузак районунун акими аял орун басарын кызматтан алып жатыптыр. Ал 33 жыл ошол жерде жакшы иштеген экен. Өкмөттүн аппараттынын 28 пайызын аялдар түзөт экен. 400 айыл өкмөттүн 16сын гана аялдар башкарып жатат», — деп кошумчалады.
Премьер-министр райондук администрациялардын, министрликтердин социалдык блогун сөзсүз аялдар жетектеши керектигин белгиледи.