Баткен районунун Ак-Татыр айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
2018-жылдын 18-июнь күнүсаат 16:40-17:00 чамаларында жааган жаандын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айылында сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, 10-15 үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.