Абылгазиев Баткен шаарындагы эки мектептин абалы менен таанышты

Автор -
209

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 19-июнда, Баткен облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен шаарындагы эки мектептин абалы менен таанышты.

Кызыл-Жол мектебинин директору Махабат Алимова маалымдагандай, бүгүнкү күндө мектепте болжол менен 600 окуучу үч сменде билим алат. Мектеп төрт корпустан турат, анын үчөө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу боюнча авариялык абалда деп таанылган.

Учурда балдарды коопсуз жайда окутуу максатында спорттук залы каралган жаңы мектепти куруу зарылдыгы тууралуу маселе курч турат. Мектептин алгачкы корпусу 1977-жылы бюджеттик каражатка курулган, ал эми калган бөлүгү ашар ыкмасы менен салынган.

Өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү боюнча өкмөттүк программанын алкагында социалдык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө маани берилерин белгиледи.

Мындан тышкары, Садык Айтматов атындагы мектептин мугалимдери менен пикир алышуу учурунда Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу тууралуу маселени иликтеп жаткандыгын белгиледи.

«Мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуунун зарылдыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков билдирген. Буга катар жаңы бала бакчаларды куруу жана андагы кезекке турууларды жоюу боюнча иштер ырааттуу түрдө чечилет. Балдардын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн шарттар болушу керек»,- деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилесек, Садык Айтматов атындагы орто мектепте 500 жакын бала эки сменде окушат. Мектептеги орундун жетишсиздигине байланыштуу анын жаңы имаратын куруу маселеси актуалдуу саналат.

Баткен шаарынын билим берүү мекемелери менен таанышуу жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга мектептердин жаңы имараттарын куруу үчүн долбоорду иштеп чыгууну баштоону тапшырды.

Бөлүшүү