2018-жылдын 19-июнь күнү саат 10:00дө Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда 15-июнь күнү, ал эми Лейлек районунда 9-июнь күнү катуу жааган жаандан улам жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда Кадамжай районуна жергиликтүү тургундардан 230 адам, жеке менчик 8 КамАЗ, 2 экскаватор, 3 жүктөгүч, 2 трактор, №46 ЖТИден 2 жүктөгүч, 1 грейдер, жайыт комитетинен 1 экскаватор. Баткен районунда жергиликтүү тургундардан 30 адам, айыл аймактардан 6 жүктөгүч, СПАдан 1 экскаватор жана жеке менчик 1 экскаватор. Лейлек районунда жергиликтүү тургундардан 6 адам, райондук суу чарба башкармалыыгынан 1 самосвал, 1 жүктөгүч, №13 ЖТИден 4 грейдер, 1 самосвал. Жалпы 34 техника иш алып барууда.