Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен Чыӊгыз Анарбек уулу камакка алынды

Автор -
306

Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу эки айга камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Орусиянын баш калаасынын Таган райондук соту кабыл алган. Чынгыз Анарбек уулу 16-июнда Москвада автоунаасын башкара албай, жол четинде турган бир нече адамды сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Кырсыктан жети киши жабыркап, алардын абалы оор эместиги айтылган.

28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу алгачкы суракта адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басмакчы болуп газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирген.

 

Бөлүшүү