Батукаев чуусу боюнча кимдер соттолууда? — «Апрель» телеканалы

Автор -

Кримтөбөл Азиз Батукаевди камактан бошотуу иши боюнча баштапкы соттук угуулар бүгүн да уланууда.

Жактоочулардын «иликтөөнүн бардык материалдары ачык каралсын» деген өтүнүчүнө сот макул болгон жок. Сыр катылган документтерде мурдагы вице-премьер Шамил Атахановдун көрсөтмөлөрү бар.

Бул иш боюнча алгач 19 айыпталуучу бар болсо, кийин алардын 14ү тергөө менен келишим түзүп, тергөөгө керек көрсөтмөлөрдү беришкен.

Калган беш кишилер: экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Калысбек Качкыналиев (Жаза аткаруу кызматынын мурунку кеңешчиси) — камакта, мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаева — үй камагында, Бусурманкул Табалдиев (мурдагы Жаза аткаруу кызматынын башчысы) — издөөдө жана аксакал дарыгер Абдухалим Раимжанов.

«Апрель» телеканалынын кабарчылары бул чуулгандуу иштеги айыпталуучулар тууралуу материал даярдашкан.