Баткенде сел болуп, Ош -Баткен -Исфана унаа жолун каптады (фото)

Автор -
324

2018-жылдын 20-июну күнү  саат 15:30 чамасында Баткен облусунун Баткен районунда жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү сайдан сел суусу ашып, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 280-чакырымын (Ак-Татыр айыл аймагы) каптаган, учурда оор жүк ташуучу унаалар өтүп жатат.

Мындан сырткары Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы Керме-Тоо тилкесинде 15 турак үйдүн жер тилкелерин сел каптаган.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетишти.

Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү