Депутат Орозова вице-премьер Замирбек Аскаровду кызматтан алууну сунуштады

Автор -
203

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова вице-премьер-министр Замирбек Аскаровду кызматтан алууну сунуштады.

Ал  Аскаровду вице-премьерлик милдетин так аткара албай кыргыз элин экиге бөлүп жатат деп айыптады.

«Кызыл-Кыянын аксакалдары эки-үч жумадан бери өкмөт башчыга кире албай жүргөнү мени өкүндүрөт. Кызыл-Кыя цемент заводу Баткен облусун көтөрүү үчүн курулган. Андан түшкөн пайда Баткен менен Ош облусуна бирдей бөлүнүп келген. Замирбек Аскаров өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып цемент заводду Ош облусуна алып бериптир. Аскаровду аталган кызматка иш тажрыйбасы аз экенине карабай аны колдоп бергенбиз. Бирок өзүнүн ишин так билбеген, президенттин саясатына каршы турган жетекчилерди өкмөттө кармап отуруунун кажети жок. Тез арада аны кызматтан бошотуу зарыл», — деди депутат.