Ошто көркөм гимнастика боюнча турнирден 18 медалга ээ болушкан спортчуларды тосуп алышты

Автор -

Бүгүн, 22-июнда Ош Эл аралык аэропортунан көркөм гимнастика боюнча Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөрдү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, комитеттин кызматкерлери, спортчулардын ата-энелери, жакындары жана спорт сүйүүчүлөрү тосуп алышкан.

Кылычбек Саркарбаев спортчуларды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан куттуктап, белектерин тапшырды.

«Көркөм гимнастика боюнча Эл аралык турнир Азербайджандын Баку шаарында өтүп, ага 12 мамлекеттен 400гө жакын спортчу катышкан. Мелдешке Ош шаарынан 16 спортчу катышып,  2 алтын, 4 күмүш, 2 коло медалга ээ болушту»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, спортчулар Казакстандын Алматы шаарында өткөн “Достук” турнирине катышып, анда 8 алтын, 2 күмүш медалын багындырышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү