Бишкек шаарында Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасынын бет ачары болот

Автор -
231

Бишкек шаарында жайгашкан «Ала-Тоо» кинотеатрында 28-июнь күнү саат 17:00дө режиссер Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасынын бет ачары болот. Бул тууралуу тасманын экинчи режиссеру Асель Жураева билдирди.

Аталган кино Кыргыз эл жазуучусу, драматург жана коомдук ишмер Талип Ибраимовдун чыгармаларынын негизинде тартылган.

Фильмде жалгыз бой, учурда сүйүүнү башынан өткөрүп жаткан карыя тууралуу баяндалат. Ал кызга ашык болуп калат. Тасманын жүрүшү дал ушул сезимди ачып берүүгө арналган.

«Түнкү кырсык» тасмасы «Кыргызфильм» киностудиясынын бекитилген чыгармачыл-өндүрүштүк программасына ылайык, 100 пайыз мамлекеттик каржылоо аркасында студиянын техникалык базасын пайдалануу менен тартылган. Фильмди тартууга 10 ай кеткен.

Белгилей кетсек, Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасы Таллин шаарында өткөн эл аралык «Темные ночи» кинофестивалында баш байге катары 10 миң евро алган. Ал эми аталган тасманын башкы каарманы Акылбек Абдыкалыков Циндаодо өткөн Эл аралык кинофестивалда эӊ мыкты эркек оюнчу сыйлыгына ээ болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү