Кыргыз актеру Циндаодо өткөн кинофестивалда  мыкты эркек оюнчу сыйлыгына ээ болду (Видео)

Автор -
296

Циндаодо өткөн Эл аралык кинофестивалда  Акылбек Абдыкалыков эӊ мыкты эркек оюнчу сыйлыгына ээ болду.

Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков режиссер Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасында башкы каарманды ойногон.

Кытайдын Циндао шаарында 13июндан 18-июнга чейин Шанхай кызматташтык уюмдарынын катышуусундагы Э аралык кинофестиваль болуп өттү. Ага 8 өлкөнүн мыкты аталган тасмалары катышкан. Кинофестивалдын алкагында Кыргызстандын 5 толукметраждуу тасмасы көрсөтүлүп, ал эми режиссер Эрнест Абдыжапаров калыстар тобунда мүчө болгон.

Фильмде жалгыз бой, учурда сүйүүнү башынан өткөрүп жаткан карыя тууралуу баяндалат. Ал кызга ашык болуп калат. Тасманын жүрүшү дал ушул сезимди ачып берүүгө арналган.

Белгилей кетсек, тасма Таллин шаарында өткөн эл аралык «Темные ночи» кинофестивалында баш байге катары 10 миң евро алган.

Бөлүшүү