Баткен районунда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улатылууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июнь күнү Самаркандек айылында 35 турак үйдүн жер тилкелери, 400 метр ички чарбалык арыктар сел калдыктарынан тазаланып, Подстанция тилкесинде 850 метр сел тосмо, Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында латок коюулуучу жерлердин 100 метр аралыгы, Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айлында 300 метр ички чарбалык унаа жол калыбына келтирилди.
Учурда район боюнча эгин талааларын тазалоо, ички чарбалык унаа жолдорду, арыктарды, сел өтүүчү сайлардын жээктерин калыбына келтирүү жумуштары бүгүн, 27-июнда да улантылууда.
Эске салсак, Баткен районунда 15-23-июнь күндөрү катуу жаан жаап, бир канча райондордогу айылдарда сел жүргөн.