Президент баарына тегиз, адилеттүү мамиле болбосо, коррупцияга каршы күрөш ийгиликке жетпей турганын белгиледи.
«Мамлекеттин ырыскысын уурдагандар эртеби-кечпи элдин ырыскысын кайтарат. Өкмөт менин сунушум менен атайын эсеп ачты. Бул эсепке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө өндүргөн акчаны которушат», — деди президент.
Жээнбеков, парламентте чечим кабыл алып туруп кайра артынан аны бошотуп коюу жөнүндө суранычтар түшүп жатканын белгиледи.
«Азыр уурулар кармалса, анын айылдаштары да бошотуп коюуну суранып жатышат. Эгер биз баарына бирдей мамиле кылбасак анда кандай күрөш жүрөт? Биздин бала жакшы, биздин бала жакшы деген түшүнүк болбош керек. Мамлекеттик бюджетке зыян келтиргендин баары жооп бергенде гана чиновниктерге сабак болот. Муну биз коррупцияга каршы күрөш дейбиз» , –деди президент.