Чөнтөк телефонду уурдоого шектелип, жаш кыздар кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББден билдиришти.
«Шаардык милицияга жабырлануучудан арыз келип түшкөн. Анда 21-июнь күнү түнкү саат 00:30 чамасында шаардын көчөлөрүнүн биринде, “А”. “ А”. “З”. аттуу жарандар «Самсунг Галакси J5» маркасындагы уюлдук телефонун чалып алалы деп, алдоо жолу менен алышып, из жашырып кетишкен», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Биринчи май РИИБне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук ИИБнын кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында 1999-жылкы Б.А, Р.к.А жана 2011-жылкы К.З кылмышка шектүү жарандар колго түшүрүлгөн.
Б.А жана Р.к.А үй камагына алуу чечими чыгарылып, К.З жеке кепилдиктин астында бошотулду. Тергөө иштери жүрүп жатат.