12 жаштагы өспүрүм кызды зоордуктаган шектүү кармалды

Автор -
320

Бишкек шаарында 12 жаштагы өспүрүм кызды зоордуктаган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, ушул жылдын 5-октябрь күнү саат 18:00дон 19:00го чейинки аралыкта азият улутундагы болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз адам Бишкек шаарынын Шопоков көчөсү менен ЧЧКнын кесилишинен 2007-жылы туулган жашы жете элек өспүрүм кызды зордуктаган.

Аталган факты Свердлов РИИБдин КЖБРге Кыргыз Республиксынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши катталган.

«Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Бишкек ШИИББдин жана Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүшкөн ыкчам -иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 10-октябрь күнү Өзбекстан Республикасынын 1985-жылы туулган А.Ш. аттуу жараны кармалган»
деп айтылат маалыматта.

Ал курулушта иштеп, Бишкек шаарынын аймагында убактылуу иштеп келген. Мурда Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча соттолгон. Күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.

Азыркы учурда башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Бөлүшүү