Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар эл өкүлдөрү КМШ ПААнын Ардак грамотасы, медалы, эстелик жана ардак белгилери менен сыйланды.
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык Ассамблеясынын жана анын органдарынын ишине жигердүү катышкандыгы, кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары төмөнкү сыйлыктар менен сыйланды:
- КМШ ПААнын Ардак грамотасы менен Алмазбек Манасбекович Эргешов сыйланды;
- КМШ ПААнын 25 жылдыгына арналган медаль менен төмөнкү депутаттар сыйланды:
- Мыктыбек Юсупович Абдылдаев;
- Мурадыл Ганыевич Мадеминов;
- Таалайбек Айтмаматович Масабиров;
- Бахадыр Искакович Сулейманов;
- Тынчтык Урайимович Шайназаров.
Ошондой эле КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Саматбек Кулукеевич Ибраев дагы аталган медаль менен сыйланды.
III. КМШ ПААнын 25 жылдыгына арналган Эстелик белгиси менен төмөнкү депутаттар сыйланды:
- Жаныбек Абдукапарович Бакчиев;
- Бакытбек Жеңишбекович Жетигенов;
- Алтынбек Жунус уулу;
- Кубанычбек Советович Нурматов;
- Эмил Токтакунович Токтошев;
- Дүйшөн Гуламкадырович Төрөкулов.
- Басма сөз жана маалыматты өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Камчыбековна Касымалиева КМШ ПААнын Ардак белгиси менен сыйланды.