Ош шаарында медицина кызматкерлери сыйланды (Фото)

Автор -
213

Бүгүн, 29-июнда Ош шаарынын борбордук стадионунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов, саламаттыкты сактоо координатору Абдилатип Шамшиев, шаардык ооруканалардын кызматкерлери, үй-бүлөлүк борборлордун дарыгерлери катышты.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардык саламаттык сактоо мекемелерине материалдык-техникалык базаларын чыңдоого ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын белгилгиледи. Ошондой эле дарыгерлерге бекем ден соолук, түйшүктүү иштерине ийгилик каалады.

Жыйындын алкагында Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин атынан бир катар медицина кызматкерлерине ардак грамота, акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды.

Медициналык тармакта иштеп, иш кагаздарды мамлекеттик тилде колдонууга салым кошкон бир нече медицина кызматкерлери «Кыргыз тили» коомунун төш белгиси менен сыйланды.

Айта кетсек, Ош шаарында үч жарым миңге жакын медицина кызматкери бар, алардын 6 КРнын эмгек сиңирген дарыгери, 6 медицина илимдеринин доктору, 14 медицина илиминин кандидаты, 224 саламаттык сактоонун мыктысы деген наамга ээ болгон кызматкерлер эмгектенип жатышат.

Ош шаарынын борбордук стадионунда уюштурулган медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган спроттук иш-чара менен уланды. Максаты коомчулукту сергек жашоого үндөө болуп саналат.

Бөлүшүү