«Бишкекте батирлердин биринен жансыз дене табылды»,-деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 1-июль күнү саат 10:08де Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Чүй кең көчөсүндөгү №30 үйдүн 52-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.
«Батирдин ичинде 1961-жылы туулган А. К. аттуу жарандын жансыз денеси табылды. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн туугандарына өткөрүп беришти»,- деп айтылат маалыматта.