Жээнбеков Александр Лукашенкону Беларустун Көз карандысыздыгы күнү менен куттуктады

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Беларус Президенти Александр Лукашенкону Беларус Республикасынын Көз карандысыздыгы күнү менен куттуктады.

«Эгемендик жылдарында Беларус Республикасы мамлекеттик курулуштун бардык чөйрөлөрүндө кыйла натыйжаларга жетишти, бул көбүнчө Сиздин тең салмактуу жана акылман саясатыңыздын жемиши болду.  Биздин ортобуздагы конструктивдүү өз ара аракеттешүү мындан ары да эки тараптуу да, көп тараптуу да форматтардагы кыргыз-беларус кызматташтыгынын бардык спектрлерин кеңейтүүгө өбөлгө болоруна бекем ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Беларус Президенти Александр Лукашенкого бекем ден соолук жана алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди, ал эми белорус элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Бөлүшүү