Бельгиянын курамасынын дарбазачысы Симон Миньоле кыргызстандык күйөрманды издеп жатат

Автор -
222

Бельгиянын футбол боюнча курамасынын дарбазачысы Симон Миньоле кыргызстандык күйөрманды издеп жатат.

Кечээ, Ростов шаарында Бельгия менен Япониянын курамаларынын ортосунда 1/8 финалынын оюну өттү. Бул оюнга англиялык «Ливерпуль» клубунун формасын кийип, Кыргызстандын желегин жамынган футбол күйөрманы барган. Ал «Миньоле сенин футболкаңды алсам болобу?» деген жазуусу бар кагаз көтөрүп алган.

Оюндан кийин Миньоле күйөрманды Twitter аркылуу издөөнү чечкен.

«Мага сиздердин жардам керек. Бул жигитти таба аласыздарбы?», — деп жазды футболчу.