Ошто курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыкты (Фото)

Автор -

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт бүгүн, 4-июлда болжол менен саат 10:47де катталган.

Өрт саат 11:05де чектөөгө алынып, 11:38де толугу менен өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүү үчүн жалпысынан 3 бөлүм тартылган. Учурда келтирилген чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү