Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулганын УКМК расмий жарыялады.
«2018 жылдын 18-июнунда мындан 8 жыл мурун ИИМдин мурунку башчысы М.Конгантиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-пункту жана 316-берененин 1-пункту боюнча козголгон кылмыш иши Конгантиевдин аракеттеринде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу токтотулду»- деп айтылат маалыматта.
Бул чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн Башкы прокуратура текшерип чыккан.
«М.Конгантиев 6-7-апрель күндөрү Талас облусунда болгондуктан, 2010-жылдын 7-апрель күнү Өкмөт үйүнүн алдында болгон каргашалуу окуяларга тиешеси болгон эмес жана бул окуянын жүрүшүнө таасир эте алмак эмес», -деп билдирет УКМК.