Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулганы расмий жарыяланды

Автор -
233

Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши токтотулганын УКМК расмий жарыялады.

 «2018 жылдын 18-июнунда мындан 8 жыл мурун ИИМдин мурунку башчысы М.Конгантиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-пункту жана 316-берененин 1-пункту боюнча козголгон кылмыш иши Конгантиевдин аракеттеринде  кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу токтотулду»- деп айтылат маалыматта.

Бул чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн  Башкы прокуратура текшерип чыккан.

«М.Конгантиев  6-7-апрель күндөрү Талас облусунда болгондуктан, 2010-жылдын 7-апрель күнү Өкмөт үйүнүн алдында болгон каргашалуу окуяларга тиешеси болгон эмес жана бул окуянын жүрүшүнө таасир эте алмак эмес», -деп билдирет УКМК.

Бөлүшүү