Лейлекте май куюучу жайдагы өрт Шадиевдин апасына таандык жүк сактоочу жайдан чыккан (Видео)

Автор -

Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылындагы май куюучу жайдагы өрт жүк сактоочу жайдан чыккан, ал жай мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин үй-бүлөсүнө таандык болгон. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 4-июль күнү өрт Лейлек районунун Жаштык айылындагы жүк сактоочу жайдан чыккан, өрт уланып кийин май куюучу жайга өткөн. Ал жүк сактоочу жай Айсана Шадиевага таандык. Учурда «өрт коопсуздугун бузуу» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 4-июль күнү аталган айылдагы май куюучу станциядан өрт чыгып, кырсыктан 4 адам ар кандай жаракаттарды алган. Мындан тышкары май куюучу станциянын кеңсеси, 4 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйүп кеткен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү