Пайдалуу кеӊеш: Беш мүнөттө стресстен кантип арылабыз?

Автор -
453

Жөө басып келиӊиз

Болгону 5 мүнөт болсо да сыртка чыгып келүүгө аракеттениӊиз. Таза аба менен жөө жүрүү жүрөктүн кагышын калыпка келтирип, оюӊузду жыйноого жардам берет.

Китеп окуӊуз

Колуӊузга фантастика же күлкүлүү жанрдагы китепти алып, окуп баштаӊыз. Сюжети кызыктуу китеп мээӊизди эс алдырат.

Медитация менен алектениӊиз

Кээде стресстен арылуунун бирден бир жолу — бир нече мүнөт тынч отуруу. Ал эми бул убакыт ичин бош өткөрбөш үчүн медитация менен же болбосо визуализация менен алектенсе болот.

Күлкүлүү видео көрүӊүз

Стресс менен кулку бир-бирине карама-каршы келген дүйнө. Ошондуктан, стресс болгон кезде интернеттен күлкүлүү роликтерди таап, бир-экөөнү карап алуу жетиштүү. Өзгөчө  жаныбарлар же кичинекей балдар катышкан видеолор өзгөчө күлкү тартуулайт.

Чай ичиӊиз

Күндө ичкен чайга организм көнүп калган чыгаар. Ошондуктан, нервди тынчтандыра турган чөптөр кошулган чай жасап ичиӊиз. Мисалы, ромашка чайы.

Жаздык менен согушуӊуз

Кээде срессти баспай, кайра денедеги бардык сезимди сыртка чыгарыш керек болот. Ошондой маалда жаздыкты жакшылап согуп алыӊыз.

Тереӊ дем алыӊыз

Стресс болгон кезде биз туура дем албайбыз. Анын кесепетинен кан айлануу бузулат. Ал организмге кошумча стресс берет. Ошол себептен 5 мүнөт бою тереӊ дем алыӊыз.

Муздак сүлгүнү желкеӊизге басыӊыз

Стрессти тез басууга жардам берген дагы бир ыкма — желкеӊизге муздак суу басуу. Жаныӊызда сүлгү болсо, аны муздак суу менен суулап, желкеӊизге бир нече секунд басып туруӊуз.

Бөлүшүү