Казакстанда гезит редактору «жылаңач имамдын» видеосу үчүн соттолду

Автор -

Бүгүн Шымкент шаарынын Аль-Фараби райондук соту «Темірқазық-ой» гезитинин башкы редактору Анаркүл Сулееваны атайылап жалган маалымат таратууга жана жеке жашоонун кол тийбестигин бузууга күнөөлүү деп таап, 2,5 жылга эркинен ажыратты. Андан тышкары анын үч жыл журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салынды.

Бул иш боюнча Сулеевадан тышкары дагы үч киши айыпталуучу катары өтүүдө. Жабырлануучу айылдык имам, сот анын аты-жөнүн ЖМКларга чыгарууга тыюу салган. Тергөөнүн материалдарына ылайык, айыпталуучулар «жылаңач жүргөн имамды видеого тартып, аны жайылтышкан».

Соттолуучуларга «Адам уурдоо», «Порнографиялык материалдарды мыйзамсыз таратуу», «Жеке жашоонун кол тийбестиги бузуу», «Атайылап жалган маалымат таратуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча айып тагылган.

Анаркүл Сулеева «Адам уурдоо» беренеси боюнча акталды.

Журналисттин адвокаты Гүлжан Абдихаликова өкүм боюнча даттана турганын айтты. Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр быйыл 15-мартта башталган.

Бөлүшүү