Абылгазиев Казакстандын Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-июлда, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Премьер-министр келечекте өз ара кызыкчылыктарды жараткан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу маалымдады, ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде жемиштүү саясий-экономикалык диалог түзүлгөндүгүн белгиледи.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мамлекет башчылары тараптан соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү боюнча милдеттер аныкталган, буга байланыштуу Өкмөт бул багытта максималдуу күч-аракеттерди жумшоону, анын ичинде алдыда 2018-жылдын август айында Астанада (Казакстан) өтүүчү кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңешинин алкагында өз ара кызыкчылыктарды туудурган маселелерди алга жылдыруу жолу аркылуу  улантмакчы.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы 2018-жылкы жайкы туристтик сезонду уюштуруу боюнча көчмө жумушчу жыйындын жүрүшүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлигине чет элдик туристтердин келиши үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо боюнча тапшырмалар берлигендигин белгиледи.

Казакстандын элчиси Карим Кокрекбаев билдиргендей, бүгүнкү күнү өлкөнүн министрликтери жана ведомстволору менен ведомстволор аралык  деңгээлде натыйжалуу өз ара аракеттешүүнү орнотуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

Ал ошондой эле эки жактуу чек ара кызматташтыгы, ошондой эле инвестицияларды тартуу маселелерин илгерилетүү ниети тууралуу айтты.

Ошону менен бирге Карим Кокрекбаев Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Казакстандын аймагында өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Бөлүшүү