Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу үй камагына чыгарылды

Автор -

«Сот Эл аралык “Дүйнө сулуусу-2018” сынагынын жеңүүчүсү, маркум Сания Шакированын болочоктогу жолдошун үй камагына чыгарды»,- деп билдирди Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 2-июнда Чок-Тал айылына кире бериште айдоочу унааны башкара албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Унаанын ичиндеги Сания Шакирова алган жаракаттан улам жеринде каза болгон. Унааны анын болочоктогу жолдошу башкарып бара жаткан. 7-июнь күнү Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу эки айга камакка алынган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы айдоочунун мас абалында болгондугун көрсөткөн.

Облустук сот кармалган жарандын баш коргоо чарасын карап, тергөө аягына чейин аны үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү