Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөсү үч жылга эркинен ажыратылды

Автор -

Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөсү үч жылга эркинен ажыратылды. Нарын облустук соту 10-июлдагы отурумунда «Йакын инкар” жамаатынын мүчөсүнө карата чыккан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Райондук сот аны үч жылга эркинен ажыраткан. Ал ушул жылдын февраль айында «үйүнөн экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды» деп кармалган.

Ушундай эле «тыюу салынган экстремисттик топтун ишин жүргүзүп жатат» деген негиз менен буга чейин облус боюнча төрт кишиге кылмыш иши козголуп, анын экөө соттолгон. Учурда бул топтун мүчөсү болуп саналган 15 киши тартип коргоо кызматынын каттоосунда турат.

Куланак айылынын тургуну Жолдошбек Ипасовдун иши буга чейин Нарын райондук сотунда каралып, өкүм 1-июнда чыккан.

Ушул жылдын февраль айында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Ипасовдун үйүнөн “Йакын инкар” жамаатынын идеологиясына окшош кол жазманы табышкан.

Экспертизанын жыйынтыгында «дептердеги жазуу экстремисттик маанайда» деп табылып, анын негизинде Ипасовду райондук сот үч жылга абакка кескен.

Бул чечимге макул болбогон жакындары облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Бирок облустук сот баштапкы өкүмдү күчүндө калтырды.

«Инимдин бийликке, муфтиятка баш бербей бейбаштык кылып, уруксатсыз даават кылып жүргөнүн мойнума алам. Бирок мунун башкаларга зыяны жок болчу. Намазын окуйт. Балдары сабакка барат. Анан жанагы «телевизор көрбөйт, телефон колдонбойт» дегендерге кошулбайт. Биздей эле жашачу. Эми Жогорку сотко кайрылабызбы же жокпу, аны да кеңешебиз го. Анткени мамлекет расмий түрдө бул уюмду экстремисттик деп тапкандан кийин Жогорку соттун чечими деле ушундай болот деп турабыз»,-деп билдирди Жолдошбектин агасы Кубатбек Ипасов

Жолдошбек Ипасовду жазага тартыш үчүн кол жазма дептери башкы далил катары каралды. Сотто ал кол жазманы беш жыл мурда айылга келген дааватчылардан көчүрүп жазып алганын, анда «Йакын инкар» жамааты тууралуу түшүнүгү жок болгонун айтты. Ал эми дептердин жазылган мөөнөтүн экспертиза тактаган эмес. Ипасовдун адвокаты Болотбек Кожомуратов буга сот да маани бербей койгонун айтты.

Өздөрүн «пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз» деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү былтыр Нарында көбөйүп баратканы байкалган. Алар чачын кулагынын учуна чейин өстүрүп, чубалжыган кийим кийип жүрүшөт.

Бирок былтыр бул жамаат расмий түрдө экстремисттик уюм катары табылгандан кийин, чоң баштыктарын көтөрүп, тобу менен көчөдө жүргөндөр дээрлик көрүнбөй калды.

Бөлүшүү