“Берекет” базарындагы өрт боюнча иш сотко өттү

Автор -

Бишкектеги “Берекет” базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу «Азаттык» Бишкек милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморовго шилтеме берип жазып чыкты.

«Берекет» базарында 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу») жана 238-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Иштин алкагында аты аталган эки адам кармалып, камакка алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү