Чет өлкөдө 6 ай ичинде 121 кыргызстандык каза болду

Автор -
209

«6 айда чет өлкөдө 121 кыргыз жараны каза болду»,-деп билдирди тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 18-июлда берген маалымат жыйынында. Анын айтымында, көпчүлүгү Орусиянын аймагында каза болушкан.

«Чет өлкөдө жашап жана иштеп жүрүп кырсыктан жана оорудан каза болгон кыргыз жарандарынын саны 121. Анын 80ге жакыны Орусиянын аймагында, 63ү Москва шаарында каза болгон»,-деп билдирди Абдылдаев.

Каза болгондордун сөөгүн жеткирүү үчүн Кыргызстандын Миграция кызматы жана биздин элчилик керектүү документтерди чогултууда жардам берип жатат. Андан сырткары авиакомпаниялар менен да сүйлөшүп, акысыз жеткирилип келүүдө.