Элчилик: Сабалган кыргыз мигранттары боюнча териштирүү жүрүп жатат

Автор -

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулардын ОМОНдун зомбулугуна кабылганы боюнча маалымат берди.

Элчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта окуяга байланыштуу элчилик тынчсыздануусун билдирип, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына кайрылганы айтылат. Ошондой эле кыргызстандыктар кабылган окуяны тыкыр териштирип, күнөөлүүлөр Орусиянын мыйзамдары менен жоопко тартылат деген ишенимин билдирген.

Андан тышкары элчинин тапшырмасы менен Владивосток шаарындагы Кыргызстандын консулу жапа чеккен кыргызстандыктар жана күч органдары менен иш алып баруу үчүн Хабаровск шаарына барат. Орусиянын күч кызматкерлеринен таяк жеген кыргызстандыктар менен Кыргызстандын Хабаровскидеги консулу Кадырбек Мырзабаев маектешип, алардан түшкөн арыздарды Хабаровск шаарынын күч органдарына тапшырды.
Эске сала кетсек, 12-декабрда Хабаровскиде иштеген кыргызстандык айдоочулар ОМОНдун зомбулугуна кабылганын айтып арызданышкан. Анда 80 чакты кыргызстандыкты күч кызматкерлери автопарктан алып кетип, 3-4 саат бою ур-токмокко алганын билдиришкен.