Оӊдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги Чүй проспектисинин бөлүгү 2 айга жабылат

Автор -

Бишкекте 18-июлдан 8-августка чейин оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Манас проспектиси жана Үмөталиев көчөсүнүн ортосунда оңдоо иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөлүп, жаңы жол тосмолору орнотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.