Ашхабадда эски үйлөр түрттүрүлүүдө (Видео)

Автор -
203

Ашхабаддын бир катар кичи райондорундагы эки кабаттуу турак жайлар түрттүрүлүүдө.

Алардын ар биринде 30дай батир бар. Жергиликтүү жашоочулар акыркы 4-5 айдан бери эски үйлөрүнүн тышын ремонттоп башташкан. Бийликтин талабы менен чатырларды кызыл түскө боёп, терезелерин жаңыртышкан.

Эми бул үйлөрдү түрттүрүп, жашоочулардан башка райондорго көчүүнү талап кылышууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бийлик аларга көбүнчө суусу жок, электр энергиясы тартыла элек, лифти иштебеген үйлөрдү берет.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, бул сапар үйлөрү түртүрүлө баштаган жашоочулар Тынчтык-7 кичи районунда курулуп жаткан үйлөргө барышары айтылган. Бирок курулуш бүтө электигине байланыштуу алар өз алдынча убактылуу башкалка табууга мажбур болушууда.

Акыркы бир нече жылда Ашхабадда жана анын четиндеги аймактарда миңдеген үйлөр түрттүрүлгөн.

Бөлүшүү