Кримавторитет Рысбек Акматбаевдин жанында жүргөн адам тапанча жана маки менен кармалды

Автор -
395

«16-июлда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкекте 1975-жылкы О.Д. аттуу жаранды кармашкан. Андан “Гранд Пауэр” үлгүсүндөгү тапанча жана маки табылды»,-деп билдирет аталган башкармалыктын басма сөз кызматы.

Аталган факт боюнча 241-беренеге (мыйзамсыз түрдө ок чыгаруучу куралды, ок-дарыларды сактоо, алып жүрүү, ташуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына караганда, кармалган жаран буга чейин ИИМдин оперативдүү каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган. Ал Рысбек Акматбаевдин жанында жүргөн адам болгон. Ысык-Көл облусунда төрөлүп, кийинчирээк Россиянын жарандыгын алган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, Рысбек Акматбаев 2006-жылдын 10-майында Бишкекке жакын жерде өлтүрүлгөн.

undefined

 

Бөлүшүү