Рысбек Акматбаевдин атасы: Уулумду өлтүргөндөрдүн арасына Мурат Суталинов да бар (эксклюзивдүү видео)

Автор -
409

Рысбек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаев анын уулунун өлүмүнө УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун колу бар деп «чагылган» агенттигине берген маегинде билдирген.

«Рыспекти өлтүргөндөрдүн арасында Суталинов бар. Азыр мен Рыспекти бети-башын чүмкөп  алып келип, автомат менен атышкан деп угуп жатам»
деп билдирген Акматбаевдин атасы.

Анын айтымында, Мурат Суталиновду  Батукаевге окшоп,  “ана өлөт, мына өлөт” деп абактан чыгарып коюшкан.

«Өкмөттө уят жок экен. Ушунча элдин канын төккөндөргө боор оруп жатышпайбы»
дейт атасы.

Ошо менен бирге ал, «кримавторитет» Камчы Көлбаев менен жакын тууган экенин жашырган эмес.

«Кудай алдында жашырбайм. Бир жолу ресторанга апасынын 70 жылдык тоюна чакырды. Бардым. Барган жокмун деп айтпайм. Өзүнчө келип учурашпайт. Анан, мен өзүм издеп бармак белем…  Чынында Рыспектин жүрөгү ушунчалык абдан кенен болчу. Баарын бооруна тартып келген.  Айтса абдан сөз көп. Эмнени айтайын… Калган кептин кереги деле жок»
деп билдирди Акматбаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү