Казак спортчусу Денис Тендин өлүмүнө шектүүлөрдүн бирөөсү кармалды (Видео)

Автор -

«Казак спортчусу Денис Тендин өлүмүнө шектүүлөрдүн бирөөсү кармалды»,- бул тууралуу nur.kz басылмасы жазып чыкты.

Белгилүү казак спортчусу, Азиянын чемпиону, Сочидеги кышкы олимп оюндарынын коло медалынын ээси Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин бирөөсү кармалып убактылуу кармоочу жайга камалган.

Ал 1994-жылы туулган Жамбыл облусунун тургуну Нуралы Киясов экени аныкталган. Ал жактоочунун катышуусунда көрсөтмө берип күнөөнү толук моюнуна алган. Экинчи шектүүнүн да өздүгү аныкталып аны издөө иштери уланууда .

Баса, Денис Тендин өлүмүнө шектүүлөр видеобайкоого түшүп калган.

https://youtu.be/NrZdDczHP7w

Каргашалуу окуядан кийин Алматы шаарында Денис Тенди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

https://www.instagram.com/p/BlbP0M2jJkD/?taken-by=zello_atyrau

https://www.instagram.com/p/BlbH5eDDffk/?taken-by=zello_atyrau

Белгилей кетсек, 19-июль кечинде Алматынын борбордук бөлүгүндө белгисиз эки адам Денис Тенге бычак сайып кетишкени кабарланып, ал өтө оор абалда дароо ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, операция эки саатка созулган. Бирок спортчунун негизги органдары жабыркап, үч литрге жакын кан жоготкондуктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.