Бишкекте шоумендерди маң зат менен камсыз кылган нарколаборатория табылды

Автор -

Бишкекте нарколаборатория табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, ИИМ кызматкерлерине маң өстүрүп, аны Бишкекте сатып жүргөн 25-30 жаштагы жигит жөнүндө маалымат түшкөн.

«Telegram» жана «Vipole» мобилдик тиркемелеринде 2017 жылы www.cannaSeed.com. дүкөнү ачылат. Акча которулгандан кийин сатуучу кардарларына маң зат коюлган жердин дарегин жөнөтөт.

30 жаштагы Ш.В кармалып, ал интернет аркылуу кара куурайдын уругун сатып алып, аны өстүрүп, шоумен жана музыканттарга сатканын мойнуна алды.

Бөлүшүү