Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал болгону тастыкталды

Автор -
526

Кыргызстан жана Тажикстан Чек ара кызматтары 20-июлда эки өлкө чек арасында жаңжал болгонун тастыкташты.

Өлкөнүн Чек ара кызматы билдиргендей, 20-июлда Тажикстандын Варух анклавы аркылуу өткөн Кишемиш-Аксай транзиттик жолунда тажик чек арачылары мыйзамсыз түрдө кыргызстандык эки жаранды жана эки аскер кызматкерин кармашкан. Кармоо учурунда тажик чек арачылары өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардын бирине кол көтөргөн. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын Баткен жана Согди облусундагы өкүлдөрү сүйлөшүп, кармалган жарандар бошотулган. “Жолугушуу учурунда Тажикстандын чек ара өкүлү өз аскер кызматкерлеринин аракети үчүн кечирим сурады”, деп айтылат Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошол эле маалда Согди облусунун Чек ара башкармалыгынын өкүлү кыргызстандык чек арачылар жана Аксай айлынын жашоочулары тарабынан “кезектеги чагым” болгонун билдирди. Ворух айлынын жашоочусу Саидакбар Сафаров “Азаттыктын” тажик кызматына кыргыз чек арачылары айылдаштарынын талааларда иштөөсүнө кедерги болгонун, ал жерлердин талаштуу экенин айтышканын маалымдады. “Окуя болгон жерге тажик чек арачылары жана милиционерлер келишти. Алар төрт кыргыз чек ара кызматкерин кармашып, тараптар сүйлөшкөндөн кийин бошотушту. Жаңжал өөрчүгөн жок”,- деди ал.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Учурда 504 чакырымы делимитация жана демаркацияланган. Калган тилкелер талаштуу бойдон калууда, буга байланыштуу маал-маалы менен жаңжал чыгып турат.

Бөлүшүү