Кыргызстан жана Тажикстан жаштары ынтымакка чакырган акцияларды өткөрүшүүдө

Автор -

Сентябрдын аягында Кыргызстан менен Тажикстанда Тынчтык жана Толеранттуулук күндөрү жарыяланган. Ал октябрдын ортосуна чейин уланат. Бул тууралуу «Журналистика жана Демократия» коомдук уюму билдирди.

Анын алкагында чек арадагы чырдан улам пайда болгон чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү үчүн мектептерде, парктарда, медреселерде, стадиондордо жана башка коомдук жайларда маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Жалал-Абад, Хожент, Бишкек, Пенжикент, Ош, Канибадам, Баткен, Исфара, Лейлек жана башка шаарларда, райондордо жаштар спорттук мелдештерди, тынчтык тууралуу талкууларды өткөрүп, ишембиликке чыгып, көчөт отургузушууда.

Негизинен иш-чаралар чек ара чырлары чыккан аймактардан алыс – борбордук региондордо өтүүдө. Уюштуруучулардын пикиринде, окуя болгон жерден алыс жашаган тургундар туура эмес маалыматтарга туш болушууда, ошол эле маалда алар коомдук пикирди жаратууга көбүрөөк таасир тийгизе алышат.

Бардык акциялар БУУнун камкордугунун алдында жыл сайын өтө турган Эл аралык тынчтык күнү жана Эл аралык толеранттуулук күнүнө арналган. Долбоорду Глобалдык Өнөктөштүк жана Куралдуу Жаңжалдардын алдын алуу (GPPAC) борборунун колдоосу менен Кыргызстан менен Тажикстандагы «Тынчтык өрөөнү» түйүнү ишке ашырууда.

Бөлүшүү