Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктаган шектүү кармалды (Фото)

Автор -

«Жабырлануучунун жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен Сокулук районунда 10 жаштагы кызды зордуктаганга шектелген адамдын фотороботу түзүлүп, шектүү жаран кармалды»,-деп билдирет Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы 20-июлда аталган кылмышка шектелип 35 жаштагы Нарын облусунун тургуну Т.Б. аттуу жаран кармалган. Жабырлануучу кыз аны кылмышты жасаган адам деп тааныган.

Шектүүгө 130-берене (сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракеттери) боюнча күнөө коюлуп, тергөө убактысы бүткөнгө чейин камакка алуу чарасы көрүлгөн.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча иликтөө уланып жатат.

Белгилей кетсек, Сокулук районунда белгисиз адам 10 жаштагы кызды зордуктаган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү