Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго жаңы айып тагылды

Автор -

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго жаңы айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.

«2018-жылдын 21-июлунда КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууда коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилеринин негизинде Бишкек шарынын мурунку мэри А.Ибраимовго айыбы угузулду», -деп билдиришти УКМКдан.

Тергөөдө белгиленгендей А.Ибраимов пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер участокторун Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схемасын уюштурган. Ошол эле учурда өзгөчө ири өлчөмдө акчалай пайда алуу максатында жер участокторун өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттатышып, алар аркылуу башка жактарга сатышкан.

Азыркы учурда А.Ибраимов УКМКнын тергөө жайына киргизилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү