Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Автор -
261

Бишкектеги соттук-медициналык экспертиза борбору журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгүнө жасалган экспертизанын баштапкы жыйынтыгын чыгарып, анын өлүмүнүн себебин «чөгүп өлүү» («утопление») деп тапты. Бул тууралуу «Азаттык» экспертизанын корутундусунда шилтеме берип жазып чыкты.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болду. Анын сөөгү кечээ жакындарынын өтүнүчү менен дароо соттук-медициналык экспертизага жиберилген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган «Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн жана окуя көзөмөлгө алынганын билдирди.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. «Азаттык» радиосунда 2013-жылдан тартып иштей баштаган.