Бишкектеги кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү (Фото)

Автор -
Борбордогу Каралаев көчөсүндө жайгашкан «Зимняя бухта» кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.
«Кырсык тууралуу маалымат саат 7.51де түшүп, үч унаа жерине жөнөп кеткен. Саат 9.18де өрт толугу менен өчүрүлдү» -деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин фейсбуктун колдонуучулары үй өрттөнүп жатат деп сүрөт, видеолорун жүктөшкөнүн кабарлаганбыз.
Бөлүшүү